Кырккелди Кыдырбаев Конституциялык палатанын судьялыгына шайланды

Окуялар тизмеги 18 Дек 2019 12:08
0 ой-пикир

Жогорку Кеӊеш президент тарабынан талапкерлиги сунушталган Кырккелди Кыдырбаевди Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлады. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеӊештин тиешелүү токтомун 55 депутат колдоп, эки депутат «каршы» добуш берди

Ошентип, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаңы шайланган Кырккелди Кыдырбаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал буга чейин президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматында иштеп келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.