Италиянын ишкерлери Кыргызстан менен кызматташууга даяр. Сүрөт

Окуялар тизмеги 16 Дек 2019 10:11
0 ой-пикир

13-декабрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков “Италия – Борбордук Азия: өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөө” аттуу эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри өлкөнүн тышкы саясий приоритеттери, Борбордук Азиядагы кызматташтыктын жаңы деми жөнүндө маалымдады. КР тышкы саясий мекемесинин башчысы Кыргызстандын экспорттук жана инвестициялык дараметине конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду жана италиялык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн Кыргызстанга жигердүү инвестиция жумшоого жана 2020-жылы Кыргызстанда боло турган Европа Бирлиги – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Италиялык тарап Кыргыстан жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга зор кызыкдарлыгын билдирди. Италиялык бизнестин өкүлдөрү эң жаңы технологияларды колдонуу аркылуу гидроэнергетика, инфратүзүм, транспорттук логистика жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын белгилешти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.