Кундуз Жолдубаеваны дагы суракка чакырышты

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Дек 2019 12:24
0 ой-пикир

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны ИИМге суракка чакырышты. Бул туурасында Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«ИИМдин Тергөө кызматы бүгүн саат 10:00гө суракка чакырган кагаз алып келиптир» — деп жазган Жолдубаева.

Эске сала кетсек, Кундуз Жолдубаева 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу ИИМге бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерине ок тийип курман болгон.

Жыйынтыгында Атамбаев баш болгон КСДПнын мүчөлөрү камакка алынган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.