Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Аскер прокуратурасына чакырылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Дек 2019 16:21
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Аскер прокуратурасыначакырылды. Бул жөнүндө ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Впервые в жизни я получил ПОВЕСТКУ о вызове на допросПовестка поступила из Военной прокуратуры сегодня в 15:00 часов….

Опубликовано Замиром Жоошевым Пятница, 13 декабря 2019 г.

Чакыруу 13-декабрь саат 17:00гө белгиленген. Бирок Жоошев чакырууда макамы белгисиз болгондуктан суракка барбай турганын «Азаттык» радиосуна билдирген:

— Кайсы маселе, кайсы иш боюнча чакырып жатканы түшүнүксүз. Ал жерде мындай жазып коюптур, «сизге тиешелүү суроолор боюнча» деп. Эми мага көп нерсе тиешелүү да. Мен барбайм. Бул чакыруу жарабайт. Кандай болгон күндө да мен коргоп жаткан жарандар боюнча маалымат бере албайм.

белгилек кетсек, Замир Жоошев Кыргызстандагы соттолуп жаткан бир нече саясатчынын жактоочусу катары белгилүү .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.