КСДП тараткан ИИМдин ардагерлеринин кайрылуусуна жооп

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Дек 2019 19:31
0 ой-пикир

КСДПнын басма сөз кызматы ИИМдин ардагерлеринин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон кайрылуусун таратты.

Анда 21 адам президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКнын төрагасы Опумбаевди, Ички иштер министри Жунушалиевди кызматтан кетирүүнү жана аларга, кылмышттуу буйруктарды аткарган тергөөчү Э.Аширходжаевге карата кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Ардагерлер Алмазбек Атамбаевди күч менен тергөөгө алып келүү аракеттеринде кылмыштын белгилери бар деп жазышкан. Кол койгондордун пикиринде, “КРнын кылмыш-жаза кодексинин 479-беренесине ылайык, ыйгарым укуктары аяктаган Кыргызстандын президенти (экс-президент макамы жок болсо дагы) кылмышка шектелип камакка алынбашы керектигин жаш юристтер дагы билишет». Анда алардын айтымында, мурдагы президент өмүр бою Мыйзамдарга баш ийбей жашаса болобу? Бул таң каларлык жагдай, бирок азыр кеп бул тууралуу эмес.

Акылы ордунда болгон ар бир жаран бул ачык каттын биринчи абзацын окугандан кийин эле ага көңүл бөлбөрү анык, анда мындай деп жазылган: “Алмазбек Шаршенович Атамбаев президент болуп турган маалда Кыргыз Республикасында, коомдо, баардык тармактарда ийгиликтер жаралган. Кыргыз Республикасы Апрель элдик революциясынан кийин туруктуу, демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн жана 2017-жылга карата аймакта коңшу мамлекеттерден көз карандысыз болгон күчтүү өлкөгө айланган”.

Мындай билдирүү жада калса Сооронбай Жээнбековдун ишин сындагандардын дагы күлкүсүн келтирди. Кол койгондордун жаш курагын жана бул кайрылууну КСДПнын басма сөз кызматы таратканын эске алсак, каттын авторлорунун ИИМдин ардагерлерине эч кандай тиешеси жок экенин билүүгө болот жана автор аксакалдарды өз кызыкчылыгында колдонгону байкалат.

Бул кадам көпчүлүктү ирээнжитти. Согушта баардык каражаттар жакшы деңизчи, бирок баардык эле күткөн үмүттөр актала бербейт.

Кайрылуунун маңызы Кой-Таш окуясындагы жаш балдар менен спецназдарды чагылдырган жасалма сүрөттү элестетти. Ушундай эмоциялар менен коштолду.

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлери жазган кат” деген теманы окугандар кандай ойго барышат? Бул пенсионерлердин чакан тобунун катышуусундагы акция эмес, 12 миңге жакын адам бар ардагерлердин коомунун атынан кеткен кайрылуудай болуп жатпайбы. Бул адамдар качандыр бир убакта ИИМде иштеп, тартип жана мыйзамдуулукту сактагандар да. Көпчүлүк бул кайрылууга канча адам кол койгонуна жетиштүү маани бербей калышы мүмкүн.

ИИМдин Ардагерлери кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев кол койгондордун көбү кокусунан эле кошулуп калышканын ММКларга билдирди. Башкача айтканда, кайрылууну толугу менен окубай эле анын демилгечилеринин бири Жаманкул Жунусов менен болгон достук мамиледен улам кол коюп беришкендигин тастыктаган.

Жыйынтыгында, кимдир бирөө кары адамдарды саясий максатта колдонуп жатканы түшүнүктүү болду. Бирок … бул жерде бузукулук бар экени билинип турат. Бир аз ыңгайсыздык болгондой….

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.