Россия — Украина атышууну токтоотуну макулдашты

Аалам, Окуялар тизмеги 11 Дек 2019 10:19
0 ой-пикир

Россия менен Украина ушул жылдын аягына чейин Украинанын чыгышында атышууну таптакыр токтотууну жана бардык туткундарды алмашууну макулдашты. Бул тууралуу Парижде эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунан кийин кабыл алынган документте айтылат.

Украин президенти Владимир Зеленский «биз Россия менен диалогду ачтык. Бул факт» деп билдирди. Россия лидери Владимир Путин эки өлкө ортосундагы мамиле жылый баштаганын айтты.

Сүйлөшүүнүн катышуучулары үч пилоттук тилкеден күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгып кетүүнү макулдашты. Бул — биздин баамыбыз боюнча да Украинанын түштүк-чыгышындагы абалды жөнгө салуу жана атышууну токтотуу багытында маанилүү кадам, — деди Путин.

Сүйлөшүүлөргө Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел катышты.

Россия 2014-жылы Украинада Евромайдан окуяларынан кийин бийлик алмашкандан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Россиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизишкен. Ошондон тартып Крымдын макамы Россиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калып келет.

Кремль бардык дооматтарды жокко чыгарып, 2014-жылы Крым боюнча чечимди ошол жерде жашаган эл референдум аркылуу кабыл алган деген жүйөнү карманат.

Алты жылдык согуштан 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. 

Булак: Азаттык

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.