Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы кызматына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ИИМдин кызматкери анын күйөөсүнө козголгон кылмыш ишин оң жагынан чечип берем деп 3 миң доллар пара талап кылгандыгын жазган.
“Пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 23-ноябрда 50 миң сом пара алыр жаткан жеринен кармалган. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси УКМКнын кызматкерлеринен качам деп арыз жазган аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканада, милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди.