Кыргыздын чыгаан блогер кыздары

Окуялар тизмеги, Статьялар, Фото 25 Ноя 2019 08:52
0 ой-пикир

Эльдана Сатыбалдиева, @eldana_foureyes

Эльдана Сатыбалдиева.jpg

Жылдызы жарык кыз Эльдана Бишкектен болот. Ал Малайзияда окуган. Кыргызстандагы эң белгилүү блогерлердин бири. Instagram баракчасына кыска жана кызыктуу видеолорду жайгаштыруу менен, белгилүү болгон. YouTube каналы да бар.

Жибек Алиева, @imjika

Жибек Алиева.jpg

Жайдары кыз Жибек — актриса жана бийчи. Америка Кошмо штаттарынын Лос-Анжелес шаарында жашайт. Instagram-аккаунттында спорт менен машыгып жаткан видеолорун жайгаштырат.

Элина Турдубекова, @turdubekova_

Турдубекова Элина.jpg

Нарындык кыз Элина — блогер жана жеке ишкер. 20 жашында Москва шаарында бир топ долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган. Алар: сулуулук салондору, кийимдердин бренди жана тилди үйрөнүү курстары.

Айжамал Мухтарова, @jamkin_donuts

Айжамал Мухтарова.jpg

Ажарлуу Айжамал Мухтарова — бьюти-блогер жана визажист. Учурда Майамиде жашайт. Сулуулук жана косметика боюнча видеолорду тартып, Instagram- баракчасына жайгаштырат.

Галина Томас, @galinathomas

Галина Томас.jpg

Фэшн-блогер Галина Бишкекте төрөлгөн, бирок учурда Улуу Британиянын Бирмингем шаарында жашайт. Мода жөнүндө блогду алып барат.

Алина Зарипова, @alinka_zaripova

Алина Зарипова.jpg

Суйкайган Бишкектик кыз Алина 2013-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарына келген. Fashion институтунун дизайнер адистигинде окуйт. Мода жана күнүмдүк жашоосу жөнүндө блогду алып барат.

Чолпон Улукбекова, @chopkaa

Чолпон Улукбекова.jpg

Ажарлуу кыз Чолпон ата-теги Бишкектен болот. Ал Малайзияда окууган. Учурда Түштүк Африкада жашайт. Instagram баракчасына күнүмдүк жашоосундагы кызыктуу окуялар боюнча бөлүшүп турат.

Булак: weproject.media

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.