Саймаити өлөр алдында бажыдагы коррупцияны ачып кеткен

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 09:34
0 ой-пикир

Аз убакыт мурда Түркияда өлтүрүлгөн уйгур ишкери Айеркен Саймаити Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу маалыматтарды журналисттерге берүүгө жетишкен.

«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттигинин кабарчыларына берилген маалыматтарда Кыргызстандын бажы тармагындагы мурдагы чоңдордун катышы жана көмүскө жүк ташуу системасынан бажы кызматына олчойгон пара акча агылып турганы көрсөтүлгөн.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулло Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акчалар мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акчалар адалданып турганы да айтылган.

2017-жылы коопсуздугунан улам Кыргызстандан чыгып кеткен уйгур ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.