Башкы прокуратура резонанс жараткан иликтөөлөр боюнча кылмыш ишин ачты

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 20:09
0 ой-пикир

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Азаттык» жана Kloop маалымат агенттиктеринин резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрүн карап чыгып, сотко чейинки өндүрүш ишин ачты.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, аталган журналисттик иликтөөдө Айеркен Саймаитини жана айрым журналисттерди бир нече жолу өлтүрүп кетебиз деп коркутушканы тууралуу айтылган. Журналисттик иликтөөнүн бул бөлүгү Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Өлтүрүүгө аракет кылган” беренеси боюнча катталды. Башкы прокуратура бул ишти иликтөө үчүн ИИМге өткөрүп берген. Сотко чейинки өндүрүштү Башкы прокуратура көзөмөлгө алат. 

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык», OCCRP жана Kloop агенттиктеринде уйгур мультмиллионер Хабибула Абдукадыр катышкан делген Кыргызстандын бажы кызматындагы жемкорлук тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган. Бул иликтөөдө Стамбул шаарында өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин, бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган. Айеркен Саймаити Кыргызстандан ири суммадагы акча которгонун Азаттык жарыялаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.