Комиссиянын курамына Искендер Матраимов кирбейт

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 18:26
0 ой-пикир

Бүгүн Искендер Матраимов журналисттердин иликтөөсүнөн кийин, Айеркен Саймаитинин ишмердүүлүгү жана өлүмүн иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын курамынан чыккандыгын жаңы ачкан Фейсбук баракчасынан маалымдады.

Ал муну комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганын билдирди.  

-Жакында Түркияда каза болгон Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити тууралуу түрдүү сөздөр, ушак-айыӊдар айтылып келе жатканын билесиздер. Анын ишмердиги аралашкан окуяларга биздин үй-бүлөнүн атын дагы чаташтырып, атайын каралоо максатында даярдалган маалыматтар дагы чыгып жатты. Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин анын ысымын бир-нече адамдарга жабыштырып, кимдир-бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып маалыматтык оюн кылып жаткансыйт. “Айрым депутаттар Айеркен Саймаити менен байланышы бар экен, чогуу сүрөткө түшүптүр”-деген маалыматтар чыгууда. Мына ушулардын чын-бышыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Айтылып жаткан божомолдуу айыптоолор боюнча биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жөнүндө дагы кеп болуп жатат. Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем — , деп билдирүү калтырган Искендер Матраимов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.