Депутат Райымкулов: “Ташиевди дебатка чакырдым, ошол жерде түшүндүрүп берем”

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Ноя 2019 15:03
0 ой-пикир

«Азия ньюс» гезити Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов менен өлкөдөгү кырдаал жөнүндө, «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин берген жообубоюнча маек курган.

– Бактыбек мырза, өткөнкү сандардагы маегиңизде «Ата Журт» партиясынын шайлоого баруу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикириңизге партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев ачууга алдыруу менен жооп берди. Андан кийин сиз кайра аны дебатка чакырдыңыз. Түшүнбөстүк ким тараптан болуп жатат?

– «Азия Ньюс» гезитинин журналистине «Республика» менен «Ата Журттун» шайлоого барар шансы кандай?» деген суроосуна жооп катары мен «Ата Журттун» шансын айта албайм, шайлоого барабы-барбайбы, андан маалыматым жок» дегем. Оюмду кыскартып беришиптир. А Ташиев аны туура эмес түшүнүп, туура эмес айтты. Мен айткан сөзүмдү, оюмду кеңири түшүндүрүп берейин деген ойдо Ташиевди теледебатка чакырдым. Келсе, баарын ошол жерде түшүндүрүп берем.

– Негизи, мурдагы шайлоолорго караганда бул жолку шайлоо эрежелери татаалдашып жатат. Партиялардын дараметтери жөнүндө эмне айтат элеңиз?

– Шайлоого дагы бир жыл бар. Кайсы партия чыгат, кимдер аттанат, кимдер аттанбайт, азыр алар тууралуу эч ким эч нерсе айта албайт. Саясаттын аба ырайы убакыт өткөн сайын, керек болсо, күн сайын өзгөрүп жатат. Алтургай кийинки чакырылышка ким депутат болору да белгисиз, бир Кудайдын буйругу менен бул нерсе дагы. Шашпайлы, убакыт көрсөтөт.

– Кытайлык ишкер, чуулгандуу иштерде аты аталган Айэркен Саймаитинин Түркияда өлтүрүлүшү боюнча кесиптештериңиз талкуулашууда. Буюртма киши өлтүрүүгө кимдин катыштышы болушу мүмкүн деп ойлойсуз?

– Ал боюнча таптакыр маалыматым жок.

– Өкмөт бул боюнча парламентке маалымат бербедиби, кантип маалыматыңыз жок?

-Мм…

– Депутат Примов бюджеттин кошумча булагы катары казинолорду кайра ачуу керектигин көтөрүп чыкты. Каршысызбы, колдойсузбу?

– Андан да маалыматым жок. Кесиптешимдин оюн жеткиликтүү түшүнгөн жокмун. Анткени, аймактарда жолугушууларда жүрдүм. Айыл жерлеринде интернет жакшы тартпайт.

– Район-шаарларга, көчөлөргө белгилүү ишмерлердин аттарын ыйгаруу боюнча оюңуз барбы?

– Кыргыздын тарыхый аталыштарын, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин аттарынан атаган эрежени алып келиш керек. Кыргыздын чыгаан инсандары көп. Ошолордун аттарын шаарларга, райондорго, көчөлөргө берсек, туура болот. Азыр бизде орусча аталыштагы райондор, шаарлар, көчөлөр көп. Алмаштырууну колдойм.

Булак: Азия ньюс гезити

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.