«Тышкы миграция жөнүндө» мыйзам Башмыйзамга шайкеш келтирилет

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Ноя 2019 14:13
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-майындагы Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Палатанын чечими менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын айрым беренелери Баш мыйзамга каршы келет деп табылган.

Тагыраак айтканда, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса — иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын өлкөдөн чыгууга укугу жок деп белгилейт. Мындай чектөөнү киргизүү негиздүү эмес жана жарандын субъективдүү укуктарын чектөөнүн себеби боло албайт. Конституциялык палатасынын чечиминде КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык, деп көрсөтүлгөн.

Конституциялык палатанын мындай чечимин ишке ашыруу максатында мыйзам долбоору менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-статьясынын  1- бөлүгүнүн 8-пунктун күчүн жоготту деп таанылууда.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.