Нарын облусунда жер титиреди, — деп билдирет Өзгөч кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 12-ноябрда болжол менен саат 07:37де Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Таш-Башат айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын министрликтен билдиришти.