Өкмөт: Региондордо «Ишкерлерди тейлөө борборлорун» түзүү пландалууда

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Ноя 2019 10:22
0 ой-пикир

Бизнести жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында кыргыз Өкмөтү региондордо «Ишкерлерди тейлөө борборлорун» түзүүнү пландады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ишкерлерди тейлөө борборлорунун» кызматтарын Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда. Бул демилгенин башкы максаттарынын бири – ишкерлерди колдоо жана алардын дараметин бекемдөө болуп саналат.

Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп жаткандыгы айтылат. Мисалы, жаңы түзүлгөн ишканалар 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулат. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.

Мындан тышкары ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери (подакциздик товарлардын тобунан тышкары) КНСти 80% азайтуу менен төлөшөт.

Ошондой эле региондордо ветеринардык лабораториялар түзүлүп, жабдууларды, диагностикумдарды жана биодарыларды сатып алуу үчүн Өкмөт тарабынан 150 млн сом бөлүп бергендиги белгиленет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.