Каттоо кызматы маалымат бергенден баш тартты

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 17:52
0 ой-пикир

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) «Жарандардын жеке маалыматы жөнүндө» мыйзамга таянып жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын жарандыгы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин «Азаттыкка» айтканы боюнча, кайсы бир жарандын улуту, жарандыгы, жашаган жери сыяктуу маалыматтар укук коргоо органдарына же тийиштүү мекеменин атайын сурамына жараша гана берилет.

Анын айтымында, азырынча кайсы бир мекеме Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандар тууралуу маалымат сурап кайрыла элек.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Кыргызстанда жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов буга чейин издөөдө болгон Саймаити Кыргызстанга 5 млрд. сом салык төлөбөй жүргөнүн 13-ноябрдагы парламент жыйынында айтты.

Алгач бир учурда Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Атилла Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын жанында паспорту болбогонун, кылмышка шектүүлөр Түркиянын укук коргоо органдарына оозеки гана маалымат беришкенин билдирди. ТИМдин маалымат департаментинин башчысы Улан Дыйканбаев кылмышка шектүү катары кармалгандар Кыргызстандын жараны болбой да калышы ыктымал экенин айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.