ИИМ: Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаити 2017-жылдан баштап издөөдө жүргөн

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 18:58
0 ой-пикир

2017-жылдын 23-майында Кытай Эл Республикасынын 1988-жылы туулган жараны Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитиге карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү жөнүндө арыз менен кайрылган.

Мындай маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы таратты.

Арызында 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейинки убакытта Ош облусунун Кара-Суу районундагы базардан алдоо жолу менен ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, акча каражаттарын жана 3028168 АКШ долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алгандыгын көрсөткөн. Андан соң, А.А. аттуу жаранга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирип, изин жашырып кеткен. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын майында Тергөө бөлүмү тарабынан Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, камакка алуу үчүн ага издөө жарыяланып, андан соң эл аралык издөөгө алынган. Жүргүзүлгөн иш-чараларда, издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаити Кыргыз Республикасынын жараны 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөндүгү такталган. Самятов Э.С. атына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча 2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси (Паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А. карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренеси (Паспортту мыйзамсыз берүү) менен 320-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-берененин (Документтерди жасалмалоо) негизинде айып тагылган. Кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн. Андан тышкары, Кытай эл Республикасынын жараны Айеркен Саимаитиге карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана колдонуу) боюнча өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.