Хорватиялык Лука Модричке Golden Foot сыйлыгы ыйгарылды

Аалам, Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 11:51
0 ой-пикир

Хорватиялык Лука Модрич 29 жаштан жогорку футболчуларга ыйгарылчу Golden Foot сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы билдирди.

Аталган сыйлык футболго чоң салым кошкон оюнчуга берилет.

Golden Foot сыйлыгынын ээси Модрич Лионель Месси («Барселона»), Криштиану Роналду («Ювентус»), Тьяго Силва («ПСЖ»), Серхио Рамос («Реал»), Уэйн Руни («Ди Си Юнайтед»), Серхио Агуэро («Манчестер Сити»), Роберт Левандовский («Бавария»), Джорджо Кьеллини («Ювентус») жана Жерара Пикени («Барселона») артта калтырды.

Буга чейин сыйлыкка Роберто Баджо, Павел Недвед, Андрей Шевченко, Роналдо, Алессандро Дель Пьеро, Роберто Карлос, Роналдиньо, Франческо Тотти, Райан Гиггз, Златан Ибрагимович, Дидье Дрогба, Андрес Иньеста, Самуэль Это’О, Джанлуиджи Буффон, Икер Касильяс жана Эдинсон Кавани татыктуу болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.