Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстан менен Япония ортосундагы футболдук беттештин билеттери толугу менен сатылганын билдирди.
Эртең, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрөт.
Оюн 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт.
«Тилекке каршы биздин стадион бардык каалоочуларды батыра албайт. Ошондуктан күйөрмандарга кошумча фан-зона уюштурулат. Ал эми, стадиондун эшиги оюн башталганга чейин 2 саат мурун ачылат», — деп белгиледи федерациядан.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 19 миңге жакын отургуч бар. Билеттер 18 миңге жакын чыгарылып, 8-ноябрдан баштап сатыла баштаган.