Чоң мелдешке катышып, күлүктөр менен жарышкан милициянын капитаны Майрамбек Арзыбаев

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 12:20
0 ой-пикир

Үсөнбек Дайырбеков ИИМдин Басма сөз кызматы

Жараткан адамга өмүр бергенде башка жандыктарда жок беш бармактуу колду жана беш манжалуу бутту берип: “Мына ушул кол, мына ушул бут менен жаныңды бак!”- деген экен. Адам баласы беш салалуу колун, жолборстун тырмактары болоттой, чапчыган жерин оюп түшкөн билегине, тулпардын ташты талкалай баскан темирдей бекем туягына, төөнүн болпойгон күрөктөй таманына салыштырып, ”Жараткан мени өтө алсыз кылып жаратып койду”- деп нааразы болгон дешет. Бирок ошол беш бармактуу колу мылтык кармап ок атып, ошол беш манжалуу буту танканын педалын басып, жерди титиреткенде жараткан аны кандай күчтүү жаратканын түшүнүп, жакасын кармап Кудайга алкышын айтса керек. Адамдын колунан келбеген, адам колу жеңбеген эч нерсе жок экенин азыр баарыбыз билебиз. Эми адамдын бутунда да айтып бүткүс касиет, колдонуп бүткүс кудурет бар экенин да айта жүргөнүбүз түзүк. Буттун касиети ой чуңкурдан аттап, таш-пашынан буйтап, туура жолду тандап бара алганында. Кубалаганына зыпылдап жетип,коркунучтан тызылдап кача алганында. Жерди титирете, душманын калтырата, катарда бирге шилтелип, миңи бирдей баса алганында. Топту тоголотуп, каалаганындай жорголотуп, куйөрмандарын кызытып,анан дарбазаны көздөй сызылтып футбол ойнун ойной алганында. Анан биринен бири өтүп жарышка, марафон деп алыска, чуркай алганында. Эмесе биздин каарманыбыз милициянын капитаны Майрамбек Арзыбаев буту менен мал тапкан, чуркап жүрүп жан баккан жигит. Ал мектепте чуркап беш алган, лицейде чуркап макталган, аскерде чуркап даңкталган, акыры милицияда чуркап баркталган жигит. Майрамбек Аксы районунун Жеңижок атындагы орто мектебинде окуп жүргөндө эле чуркаганда алдына бала чыгарган эмес. Кийин 27 лицейде окуп жургөндө да лицейдин сыймыгы аталып, ардак тактадан сүрөтү түшпөй, алдыңкы спортчулардын катарында жүрдү. Анан балдар ырдагандай:” Он сегизге толуп, кызга жигит болуп” Ата–Журт алдында өз милдетин аткаруу үчүн аскерде кызмат өтөп жүргөндө да чуркаган. Чуркаганда да алдыңкы катарда, байгелүү орундарда чуркаган. Аскер дениз флотунун жөө аскеринде кызмат өтөп, кросс деген, марафон деген жүгүрүүнүн татаал түрлөрүн өздөштүргөн. Ал жакта жөө аскерлер “Кара желмогуздар”- делип аталып, таманы оюлганча, такасы жешилгенче жүгүрүшкөн. Аскерден аман эсен келип, Кудайым тилегенин берип, Кыргыз техникалык университетине окууга өтүп, студент болгондо да чуркаган. Студент эми эртең менен эрте, анан кечинде чуркап: “Күлүктөн күлүк ким күлүк, күндө чуркап мен күлүк” –деп өзүнө ишене баштады. Ал эми ким көп чуркаса, анын ден соолугу чың болот. Башкаларга караганда баскан турганы да тың болот. Тың киши тың жумушту, тың турмушту каалайт. Майрамбек оор жүк көтөрүп жүкчү, тасма айлантып кино механик болуп иштеп көрдү. Бирок бул иштерге алымсынбай койду. Анан авто механик болуп иштеп көрдү. Бул иш да ага жакпады, көңүлүнө толбоду. Кызыктытуураак, таталыраак, анан кыйыныраак иш издеди. Ошентип урунуп, беринип жүрүп 2002-жылы милицияга келип кирди. Киргенде да ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Күзөт полкуна келип иштеп калды. Мына эми анын көңүлдөгүсүндөй иш табылды. Аскердик тактык менен сактыкты талап кылган темирдей тартип ага жагып калды. Дайыма тыкан,таза жүрүп, жарашыктуу форма кийип тыкчыйган Майрамбекке баарынан иштеген жеринин спорт залы жакты. Эми чалды куйду, иретсиз жашоо бүтүп, ар бир күнү алдын ала такталган тизмек менен өтүп, жашоосу бир нукка түштү. 2004-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек ШИИББнын 1-май райондук ИИБнын күзөт бөлүмүндө Ыкчам кармоо тобуна башчы болсо 2010-жылдан баштап ыкчам кармоочу взводдун башчысы болуп жооптуу иш чараларга жетекчилик кылып иштеп жүрдү. 2013-2014 –жылдары нөөмөт бөлүмүндө, 2014-жылдан 2016-жылдар аралыганда Биринчи-Май күзөт бөлүмүндө ага тескөөчү инженер болсо 2016-жылдан 2017 –жыл ичинде күзөт полкунда взводдун командири 2017-жылы жарым жылча нөөмөт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2017-жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин Биринчи-Май күзөт бөлүмүндө ага тескөөчү инженер болуп иштеп келет. Майрамбектин өмүрлүк жубайы Нурзат Уразбаева жогорку билимдүү педагог. Турмуштун ачуу- татуусун, ысык-суугун бирге татып, бирге көтөрүшүп бир кыз, бир уулду тарбиялап келе жатышат. Кайда иштебесин, кайда жашабасын Майрамбек чуркаганын таштаган жок. Балким башка иште иштесе эринип кетет беле, эринсе семирип кетет беле, семирсе диванда чалкалап жатат беле, чуркабай калат беле ким билсин. Ал милицияда иштеп калгандыктан, милиция кызматы мыкты ден-соолукту жактыргандыктан ал чуркаганын таштабады. Жыл сайын чоң мелдештерге катышып, күлүктөр менен жарышып, ар дайым байгелүү орундарды жеңип алып жүрдү. Анда көп алыска барбай эле былтыркы жылдан берки жеңиштерине токтоло кетели. 2018-жылдын февраль айында Бишкек ШИИББнын кызматтык спорттун көп түрү боюнча өткөн спартакиадада 2-орунга татыктуу болсо, апрель айында Бишкек шаардык мэриясынын “Жаз деми “аттуу 5 км. аралыкка чуркаткан жарышта, 40-50 жаш курактагы күлүктөрдүн арасынан суурулуп чыгып биринчи келе алган. Акчалай байгени жеңип алып кубанган. Май айында Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган марафондо 10 км. аралыкка чуркап, 45-55 жаштагы күлүктөрдүн арасынан экинчи келип, дагы байге алган. Быйыл дагы так ошол ийгиликтерин кайталап, февраль айында өткөн Бишкек ШИИББнын кызматык спорттун көп түрү боюнча өткөрүлгөн олимпиадасында биринчи байгелүү орунду жеңип алган. Май айында жыл сайын өтүүчү Сатымкул Жуманазаровдун атындагы марафондо экинчи орунга чыккан. Бул мелдешке чет өлкөлүк 20 мамлекеттен келген мен мен деген күлүктөр катышып, таймаш абдан курч мүнөздө өткөндүгүнө карабастан Майрамбек бир гана күлүктөн калып, калганына чаң жуткурган. Ошентип Майрамбек тынбай чуркап келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.