Адашып кеткен бала милициянын унаасына өзү барган

Окуялар тизмеги 13 Ноя 2019 13:03
0 ой-пикир

Кечээ 12-ноябрда жоголуп жүргөн бала көчөдөгү кайгуул милиция кызматынын унаасын көрүп алдына чуркап чыккан. Ал колун көтөрүп аларды токтоткон. Кызматкерлер түшүп, баланын адашып калганын аныкташкан. Унаанын күйүп турган жарыгын көргөн бала милиция экенин түшүнүп, жардам сураган.

Кайгуулчулар баланы Бишкек ШИИББне алып келип, ал 2010-жылы туулган К.А. экенин такташкан. Шаардагы мектептердин бирине жаңы которулган 3-класстын окуучусу биринчи эле күнү үйүнө барчу жолду таппай адашып кеткен.

Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматынан билдиргендей, инспекторлор окуучуну ата-энесине аман-эсен тапшырып беришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.