ТИМдин түптөлгөнүнө 75 жыл толду. Кимдер сыйлыкка татышты?

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Ноя 2019 12:02
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы берилди:

— Жунусов Ибрагим Коджоназаровичке — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы берилди:

— Ниязалиев Нуран Садыровичке — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына;

— Алымкулов Алиясбек Толбашиевичке — Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

— Абдыжапарова Бүбүйра Самыйбековна — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси;

— Макеев Толенды Картанбаевич — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинин директору;

— Тохтоходжаев Анвар Розамович — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси.

Сыйлыктар «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жана келечеги» форумунда тапшырылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.