Сооронбай Жээнбеков кыргыз дипломатиясынын тарыхына кайрылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Ноя 2019 11:54
0 ой-пикир

Бүгүн, 12-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган форум өтүүдө. Анын ишине президент Сооранбай Жээнбеков катышып жатат.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө кыргыз дипломатиясынын тарыхына кайрылды.

«Кыргыз коомунда элчиликтин тарыхы кылымдардын тереңине кетет. Башка мамлекеттер менен болгон дипломатиялык мамиле биринчилерден болуп 643-жылы башталганы тарыхый булактарда жазылган. Андан кийинки замандарда, улуу Манас бабабыздын мезгилинде, кыргыздар коңшу элдер менен достук мамиле түзгөнгө аракеттенип келишкени белгилүү. Манас эпосунда азыр да колдонуп келе жаткан “элчи”, “элчилик”, “тилмеч” деген түшүнүктөр бар. Элчинин өзгөчө статусу болгон, ага кылдат мамиле жасалып, жазадан бошотулган», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Айкөл Манас атабыз өз элинин жана мамлекетинин бейпилдиги үчүн коңшулар менен достук гана эмес, тууган болууга чейинки тыгыз байланыштарды чыңдаган, — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Ал маалымдагандай, ошол улуу тарыхты улап, 18-кылымда кыргыздын даанышман эл башчылары Падышалык Россия менен дипломатиялык мамилени түзүү боюнча аракеттерди баштаган.

«Бул багыттагы биринчи кадам — Атаке-бийдин 1785-жылы Санкт-Петербург шаарына жөнөткөн элчилигинен башталат десек болот. Ушул аракеттер тынбай уланып жүрүп, 1855–жылы кыргыздардын Россияга ыктыярдуу кошулуу процесси башталган. Кыргыз элинин белгилүү ойчулу жана дипломаты, мамлекеттик ишмер Кыдыр аке Байсары уулу 1913-жылы Санкт-Петербург шаарына Романовдордун династиясынын 300 жылдыгына чакырылган. Улуулардын даңктуу жолун улап, совет мезгилинде кыргыздын бир катар чыгаан дипломаттары өсүп чыкты», — деди президент.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.