«Саясат энциклопедиясы» аталышындагы 8 томдук китеп жарык көрдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Ноя 2019 15:31
0 ой-пикир

Жакында Кыргызстандамамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китеби жана журналист Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган «Журналистика энциклопедиясы» 2 томдук китеби жарык көрдү. Бүгүн, 12-ноябрда ал эки китептин бет ачары болуп өттү.

Сегиз томдуктун автору Кыргыз-орус Славян университетинин окутуучусу, профессор Аттокур Жапановдун айтымында китеп алгач 14 том болуп түзүлгөн. Ал китепти 10 жыл мурун Турдакун Усубалиев менен болгон жолугушуудан кийин жаза баштаган.

«Бүгүнкү күнгө чейин материалдарды чогултуп отуруп, 14 томдон турган китеп түзүлгөн. Кийинчерээк кыскартып 8 томго түшүрдүк. 1-томдун алгачкы 30 бетине Усубалиевдин өз колу менен жазган жазмаларын койдум», — дейт Жапанов.

Китептин автору белгилегендей «Саясат энциклопедиясы» китебинде саясат боюнча бардык маалыматтар камтылган.

«8 томдук китепте саясатка байланышкан терминдер, түшүндүрмөлөр жана башка маалыматтар камтылган. Анда чет өлкө президенттери тууралуу маалыматтар да бар. Томдуктун ичинде улуттар тууралуу, атап өтсөк еврей улутунун таржымалы, Египет өлкөсү жөнүндө жазылган. Ал эми, «Журналистика энциклопедиясы» 2 томдук китебинде журналисттиканын таржымалы жана керектүү кеп-кеңештер берилген», — дейт ал.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, жарнама жана терминология бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов китептин автору тууралуу сөз кылып, Жапанов 200гө жакын китеп жазганын айтып өттү.

Жапанов белгилегендей, эки китеп 100 нускада жарык көрүп, баасы 500 сом турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.