Реформалар мамлекеттин туруктуулугун бузганда

Аналитика, Статьялар 12 Ноя 2019 12:41
0 ой-пикир

КРнын эмгек сиңирген юристи Мурат УКУШОВ — атайын Elgezit.kg үчүн.

Жаңычылык киргизүү реформа кылуу дегендик эмес

Жарандардын укук коргоо системасына болгон ишенимин жогорулатуу азыркы бийликтин алдына коюлган маанилүү маселелердин бири. Коомдук-саясий туруктуулук жана өлкөдөгү тартип укук коргоо органдарынын ишинин сапатынан жана алардын ишинин адилеттүүлүгүнөн, акыйкаттуулугунан көз каранды экенин тажрыйба көрсөттү.

Кыргызстан 25 жылдан бери соттук реформа жүргүзүп келет (ал 1994-жылдын июль айында республикадагы соттордун 1-съезди өткөрүлгөндө башталган), анын негизин укук коргоо органдарын реформалоо түзөт, анын ичине прокуратура органдарын дагы реформалоо кирет. Реформалар иш жүзүндө коомчулукту демократияга үндөбөй, мыйзамдуулук үстөмдүгүн, жарандардын эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыгын камсыз кылууга, экономиканын өнүгүүсүнө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталбай эле, айтылган максаттарына жетпей келет. Соттук реформалар коомчулуктун укук коргоо жана сот системасы тууралуу терс көз карашын өзгөрткөн жок. Социологиялык сурамжылоолор калктын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарына ишенбей турганын көрсөтүп келет.

Укук коргоо органдарын жана сот системасын реформалоо маселесин юридикалык коомчулук, Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар жада калса, эл аралык коомчулук тарабынан көп талкууланып келет. Бирок талкуунун катышуучуларынын пикирлери жана сунуштары дайыма эле позитивдүү маанайда эмес – алардын көпчүлүгү конструктивдүү эмес жана өлкөнүн туруктуулугун бузушу толук мүмкүн.

Жакында эле Жогорку Кеңештин мен сыйлаган жаш депутаттарынын бири кезектеги конституциялык реформанын алкагында прокуратура органдарын жоюп, анын функциясын Юстиция министрлигине бериши керектигин айтты!?

Бирок бул идея жаңы эмес, мурда дагы сунушталып келген. Прокуратураны жоюп, функциясын Юстиция министрлигине берүү (мындай система АКШда иштейт, ал жактын Юстиция министри Башкы прокурор болуп саналат) идеясын 1990-жылдардын аягынан тартып эле демилгелеп келишет, 2002-жылы август-сентябрь айларындагы Конституциялык кеңеш учурунда 2002-жылдын декабрында 2003-жылдын январынын башында жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап жатканда бул маселе каралган.

Ошондой эле 2010-жылы май айында Конституциялык кеңеш учурунда дагы ушул маселе көтөрүлгөн. Бирок анда 2003-жылдагыдай эле чечим чыгарып жаткандардын арасындагы айрымдар акылы жеткен адамдар прокуратуранын керектигин айтып, сактап калышкан.

Эмне кылып жатканыбызды өзүбүз билбегенде

Айрым коомдук-саясий ишмерлердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик бийлик жетекчилеринин, жана “реформаторлордун” мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алышпаганы өкүндүрөт. Алардын баары реформа кылууда “советтик доордун мурасынан” баш тартып, мамлекеттик башкарууну демократизациялоо керектигин айтышат, бирок ошол эле учурда “демократия” биринчи кезекте абстраткттуу коом эмес, мамлекет болушу керектигин түшүнүшпөйт.

Демократия тууралуу романтикалык түшүнүктөр саясий инфантилизмге, дилетанттыкка, волюнтаризмге, жоопкерчиликсиздикке жана мамлекетке жана анын иституттарына болгон көз жумду мамилеге алып келди. Себеби мамлекетти жана анын негизги функцияларын бузуу сасий жана социалдык-экономикалык тармактарда ийгиликтүү реформаларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө чек коет.

Акыркы эки он жылдыкта баарыбыз укук коргоо органдарындагы үзгүлтүксүз реформалардын күбөсү болуп келебиз, ал реформалар системалык түрдө эмес, башаламан жүргүзүлүп, кылмыштуулук менен күрөшүү, атап айтканда, уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү мүмкүнчүлүгү жок болуп келет. Буга прокуратуранын – мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуучу негизги мамлекеттик институттун айланасындагы окуялар далил.

Биздин өлкөнүн жашоосундагы прокуратуранын мааниси тууралуу көз караштар татаал жана ар түрдүү. Бир четинен бийлик дагы, коомчулук дагы прокуратура сапаттуу продукция берип, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, мыйзамдуулукту камсыз кылып туруусун каалайт. Мамлекеттик аппарат системасында прокуратура органдарынын аткаруу органдарынан, өз алдынча башкаруу органдарынан көз карандысыздыгы , алардын ишине кимдир бирөөнүн кийлигишпөөсү прокуратурага өзгөчө макам берип турат.

Экинчи тарабынан, прокуратура күчтүү жана таасирдүү мамлекеттик институт болушун каалагандар аз (мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, сот бийлиги, коомчулук). Прокуратуранын функцияларын болушунча кыскартышты. Прокуратурага куру жалаа жаап, кадырын кетирип келишет.

Кыргызстан көз карандысыздык алган 28 жыл ичинде 14 Башкы прокурордун ичинен 8и гана прокурордук системадан чыгышкан (Ч.Баекова, Ч.Абышкаев, А.Бекназаров, К.Конгантиев, Э.Сатыбалдиев, Н.Турсункулов, Б.Ибраев жана азыр иштеп жаткан Ө.Жамшитов). Белгилей кетчү нерсе, Башкы прокурор кызматына бул тармакта иштебегендерди коюу практикасы (айрымдарды эске албаганда) толугу менен өзүн дискредитация кылып, системанын өнүгүүсүнө зыян алып келерин көрсөттү – буга реформалардын натыйжасы далил.

Прокуратуранын айланасныда болгон окуяларды анализ аны атайын эле алсыздандырышканын көрсөтүп турат. Эмнеге? Кандай максатта? Коомчулуктун жашоосундагы прокуратуранын ролу жана орду боюнча мамлекеттик саясатты түшүнүү үчүн өлкөнүн укук коргоо ишине зыян алып келген реформаларга токтолуп кетейин. Ал эми тыянакты ар бириңиздер өзүңүздөр чыгарып алыңыздар.

Реформага жамынган бийлик прокуратураны кыйратты

Өлкөнүн пайдубалынын бекемдигин мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыгын коргоодо бек турган институттар түзөт. Ар бир өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга, алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө, тартипти сактоого багытталган таасирдүү орган болушу шарт. Мындай мамлекеттик институттардын катарын прокуратура органдары толуктары талашсыз. Бирок Кыргызстанда прокуратура менен байланышкан мамлекеттик саясат мамлекеттик эмес кадамдар менен коштолуп келет.

1980-жылдардын ортосунда (СССР маалы) прокуратураны тоталитардык өлкөнүн “ажырагыс бөлүгү”, анын “жазалоочу кылычы” катары көрсөтүшүп, коомчулуктун пикирин буруу башталган. Прокуратура партиялардын (КПСС), бийликтин, жалпы кылмыштуулук менен күрөшкөн укук коргоо систамсынын көңүл жылытпаган иши, алардын каталары үчүн күнөөлөнө баштаган. _* “Кайра куруунун” (1985-1991-жылдар) жүрүшүндө реформалоо программаларын иштеп чыгууга жана иш жүзүнө ашырууга жоопкерчиликтүү болгон советтик саясаттын элиталарынын социалдык-философиялык дүйнө таанымы тез өзгөрүп кетти.

Бул эстафетаны Кыргызстан дагы кабыл алды. 1990-жылдардын ортосунда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, юридикалык коомдун бир бөлүгү, жарандык коомдун өкүлдөрү соттук реформаны ишке ашырууда батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбаларына таянуу менен прокуратураны мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн көп функциялуу органданды кылмыштык куугунтуктоо куралына айлантууга үндөштү.

Ал ортодо чет элдик практиканы сунуштоо менен “реформаторлор” алардын мамлекеттик жана укуктук системасы биздин укуктук системага окшош эмес экенин, коомчулуктун саясий жана укуктук маданияты башка экенин, менталитет дагы бөлөкчө экенин эске алышкан жок, балким, атайылап “унутуп” калышкандыр. Мисалы, биздин прокуратураны реформалоону каалагандар АКШнын тажрыйбасына таянып жатышат, ал жакта болсо прецеденттик (анлгиялык) укуктук система иштейт. Кыргызстанда болсо континенталдык (франко-германиялык) укуктук система иштейт.

Албетте, дүйнөдө Кыргызстанга салыштырмалуу прокурордун ыйгарым укуктары көп же аз болгон өлкөлөр көп. Бирок бул дал ушундай үлгү менен өзүбүзгө кийим тигишибиз керек дегенди түшүндүрбөйт. Кандай болгон күндө дагы башка өлкөлөрдүн тарыхы, укуктук, экономикалык, саясий шарттары Кыргызстанга салыштырмалуу башкача экенин эстен чыгарбоо керек.

Прокуратураны реформалоодо мыйзамдуулук үстөмдүгүн орнотууну максат кылуунун ордуна көп жылдардан бери күмөн жараткан эксперимент жүргүзүлүп келет, ал болсо жакшы жыйынтыктарга алып келбей эле, баарын акырындан кыйратып, ичинен чиритип жатат. Укук коргоо жана сот системасындагы азыркы абал прокуратура органдарын реформалоодо кетирилген каталардан улам пайда болгон. Башкача айтканда, бийлик жана “реформаторлор” мамлекет кармалып турган туруктуулукту бузууда.

Бул абалдан мамлекеттик укуктук саясат боюнча стратегия жазып, сот тармагын жана укук коргоо органдарын, анын ичинде прокуратураны реформалоодо комлпекстүү программа иштеп чыгуу менен чыксак болмок.

1996-2016-жылдардагы прокуратураны “реформалоонун” жыйынтыгында:

— прокуратураны экономикалык иштерде катышуудан чыгарышты – 1996-жылдан тарта прокурорлор экономикалык талаштарга (менчиктештирүү, банкрот, менчик укугу ж.б.) байланышкан иштерди кароодо катышышпайт, мындан улам менчиктештирүүдө мамлекеттин кызыкчылыктары коргоосуз калды;

— прокуратураны жарандык сот иштеринде укук коргоо функциясынан ажыратышты: прокурор жарандык иштерди кароодо мыйзамда каралган айрым учурларда эле катышат;

— Башкы прокурор демилге көтөрүү укугунан ажыраган. Укуктук жөнгө салуу тармагындагы жана мыйзамдардагы айрым кемчиликтерди прокуратура органдарынан мыкты билгендер барбы?

— прокуратураны кылмыштык иштерди кароодо көзөмөл кылуу функциясынан ажыратышты, прокурорду мамлекеттик айыптоочуларга, процесстин кадимки катышуучусу болгон айыпталуучуларга жана жактоочуларга теңеп коюшту. Учурда прокурор соттун мыйзамсыз чечимине каршы боло албайт, чечим менен макул болбогон учурда процесстин кадимки катышуучуларындай эле жогорку инстанцияга сунуштама жазып кайрылат (соттук шалаакылыктын тамыры мына ушул жерде, бул “реформалар” 1990-жылдын аягында башталган”).

— прокуратураны кылмыштуулук менен күрөшүү укук коргоо органдарынын ишин координациялоо функциясынан ажыратып коюшту, ал функцияны аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (Өкмөт башчыларына, жергиликтүү администрация жетекчилерине, шаарлардын мэрлерине) жетекчилерине беришти. Муну менен кылмыштуулук менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон күрөштү башчысыз калтырышты.

2010-жылдагы Конституциялык кеңештин ишинин жүрүшүндө анын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү прокуратураны жоюп, анын функцияларын Юстиция министрлигине берүүну сунушташкан. Бул жолу прокуратура органын жоюу коркунучу жогору болгон, себеби Убактылуу өкмөттүн бийлиги күчөп, алар Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ыйгарым укуктарына ээ болуп турушкан. Бирок Конституциялык кеңештин төрагасы Ө.Текебаев прокуратура системасын сактап калуу маанилүү экенин түшүнгөн жана сактап калган, бирок прокуратуранын айрым функциялары “кыскартылган”.

“Прокуратуранын табытына” акыркы мык 2016-жылы кагылган: 4-июлда Коргоо кеңеши укук коргоо органдар системасын реформалоо боюнча чараларды колдогон. Ага ылайык, прокуратура кылмыш иштерин териштирүү функциясынан ажыраган. Натыйжада бул чечим жаңы Жазык-процессуалдык кодекске кирген (“реформаторлордон” көз каранды болбогон кырдаалдардан улам Аскердик прокуратура аскердик кызматкер макамы бар адамдар тарабынан жасалган кылмыштарды тергөө укугунан ажыратылган эмес).

Бул реформалардын жүрүшүндө прокуратуранын функциялары өтө чектелген: сотто “өздөрү тергөө иштерин жүргүзө албаган” айыптоолорду колдоочу гана орган болуп калган. Дүйнөдө прокурор эки функциянын бирин аткарат, же тергөө ишин жүргүзөт же тергөө ишин жүргүзгөндөрдүн үстүнөн көзөмөлдөйт. Учурда прокуратурада бул эки функция тең жок.

Мурда прокурор сотко барып, өзү көзөмөлдөп жаткан тергөө боюнча айыптоону колдой турганын билчү. Ал мунун баарын баалаган ачык сот болорун билчү. Бүгүн болсо ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысынан баштап, УКМК, Финполиция “прокурор сабатсыз экен, сотто биздин жетишкендиктерибизди коргоп бере алган жок” деши толук мүмкүн. Ал эми ошол жетишкендиктер тергөөгө катышмайынча өзү эле көрүнгүдөй болуп, кара кездемеде ак жип менен саймаланып турбайт.

Прокуратураны реформалоо иши менен прокуратура органында бир күн да иштебегендер, кылмыш ишин тергөө деген эмес, мамлекеттик айыптоо деген эмне экенин билбегендер алек болушту. Бул “реформаларды” жүргүзүүдө прокуратуранын өзүнүн жана жетекчилеринин дагы ролу чоң мааниге ээ болду. Эрктин, абройдун жоктугу, Башкы прокурорлордун баарына макул боло бергени, өз пикирин айта билбегендик, “реформаторлордун” каталарын көзгө сайып көрсөтө албагандык прокуратуранын аброюн төмөндөттү.

Акыркы жылдардагы кадрдык түзүм дагы прокуратуранын эффективдүү эмес иштешине таасир берди. “Реформалар” менен макул болбой, каршы чыккандардын баары жээкке сүрүлдү. Кызматкерлердин кызыгы кетти, кызматтык милдеттерине кол шилтеп мамиле кылып калышты, кадрлар тез-тез алмаша баштады, коррупция гүлдөдү.

Прокуратуранын кыйратуу, алсыздандыруу менен мамлекеттин тапканынан жоготкону көп болду. Өлкө ушундай процесстерди четтен карап тура берсе, анда ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүмүнүн бир бөлүгүнөн – прокуратурадан ажырайт. Учурда түзүлгөн абалды оңдоо үчүн жана прокуратура органдарына жүктөлгөн укук коргоо жана көзөмөл функцияларынын эффективдүү аткарылышы үчүн укуктук, административдик, кадрдык ж.б. чараларды көрүү зарыл.

Мамлекеттеги ккук коргоо механизмдеринин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бекемдөө үчүн таразаланган, ойлонулдган чараларды көрүү абзел. Максат – өлкөдө жана коомчулукта Мыйзамдын аброюн жогорулатуу, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн аброюн көтөрүү. Алардын кесиптик милдеттерин аткаруудагы жоопкерчилигин калыбына келтирүү.

(уландысы бар)

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.