Парламенттеги куру сөздөр

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 12 Ноя 2019 12:03
0 ой-пикир

Темирбек ОРОЗБАЕВ – атайын Elgezit.kg үчүн

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов келерки жылдын республикалык бюджети талкууланып жатканда күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташыгандарды “Ак үйдөгүлөр” же “Көк үйдөгүлөр” же укук коргоо органдары колдоп турушарын айтты.

Бул билдирүү өлкөдөгү маанилүү көйгөйлөрдүн бирине байланыштуу болгондуктан, аны журналисттер жазып чыгышты, социалдык тармактардагы активисттер талкууга алышты. Бул маселе актуалдуу болгондуктан мындай реакциянын болушу кадимки көрүнүш.

Бирок көйгөй чечилбей эле, баары куру сөз бойдон кала берет деген ойдомун. Себеби жазылбаган, бирок мурда эле кабыл алынган эрежелерге ылайык, бизде чуулуу билдирүү тараткандар бир-эки жолу ММКларга чыгып, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынса максатына жеттим деп ойлошот.

Ал эми чын чынына келгенде мындан эч кимге пайда дагы, зыян дагы богон жок. Биринчи кезекте аткезчилер үчүн.

Ушул сыяктуу билдирүү таратылып, ал билдирүү социалдык тармактардагы талкуу менен гана аяктап калган башка өлкөнүн парламентин элестетүү мүмкүн эмес. Мындай билдирүү Европанын парламенттеринде, же Россиянын Госдумасында, же Казакстанда жана Өзбекстанда чоң трибунадан айтылып жатканын элестетип көүңүз. Бийликтеги адамдарды гана эмес, укук коргоо органдарын кошо күйүүчү майды аткезчилик менен ташыгандарды калкалап жатканын айтып, күнөөлөп жатышса, жогоруда аты аталган өлкөлөрдө чуу чыкмак, сенсация жаралмак.

Бизде болсо залда отургандар кенеп да коюшкан жок. Себеби эч кандай далили, анализи жок эле кылмыш ишине “ак же көк үйдөгүлөрдү” күнөөлөй берүү биздеги саясий маданияттын элементи болуп калды.

Бул жан кейите турган көрүнүш, себеби:

— Биринчиден, күйүүчү майды аткезчилик жол менен ташуу жок эмес жана ага бийликтеги адамдардын катышы бар болушу толук мүмкүн.

— Депутаттын тыянагы – анын көйгөйдүн үстүнөн иштегендигин билдирбейт: ал курулай сөз менен эле эч кандай далили, анализи, жок сүйлөдү, мындай билдирүүнү башка карапайым адам деле айтып кое берет. Ал эми депутаттын билдирүүсү бул көрүнүш менен күрөшүүгө, аны жок кылууга багытталган эмес. Балким, депутат бул тыянакка сырттан байкоо жүргүзүп анан келгендир, мындайча айтканда, оюнда болгон нерсени ачыкка чыгарды.

— Мындай билдирүүгө эч кандай реакция кылбоо – бул аткаруу бийлиги үчүн кадимки көрүнүш жана бийлик тарабынан эч кандай реакция болбогону үчүн аны сотко бергендер чыгарынан күмөнүм бар. Мындай тагдыр бул эле эмес, башка сын пикирлерди да күтүп турат десем жаңылышпайм.

— Эки тарап тең оюндун бул эрежеси менен мурдатан тааныш жана аны кадимки көрүнүштөй кабыл алып калышкан.

Бара-бара мындай көрүнүшкө карапайым калк дагы көнүп калат окшойбуз. Себеби башка акторлордой эле бизде дагы роль бар жана биз оозуна кум толтуруп алгандай үн катпай отургандарга караганда анча-мынча көйгөйлөрдү көтөргөндөрдү сыйлап калат окшойбуз.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.