Асманды чапчыган чыгымдар: ЖКны камсыздоого бир айда 68 млн сом жумшалган

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Ноя 2019 13:15
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин октябрь айындагы чыгашасына республикалык бюджеттен 964 миң 742  $ (же 67 млн 377.6 миң сом) бөлүнгөн.  Бул тууралуу КР каржы министрлиги маалымдайт

Белгилей кетсек, каражаттын 68% же 642 миң 547 $ (44 млн 875.5 миң сом) — ЖК кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалат. 

Взнос, социалдык керектөөлөргө 7 млн 741 миң сом, товар жана кызматтарга — 11 млн 534.4 миң сом, керектөөлөрдү сатып алууга жана кызматтарга — 553.8 миң сом, коммуналдык кызматтарга — 466.9 миң сом, жөлөк пулга — 16.9 миң сом, башкы фонддорго — 2 млн 189.1 миң сом бөлүнгөн. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.