Жогорку Кеңештин октябрь айындагы чыгашасына республикалык бюджеттен 964 миң 742 $ (же 67 млн 377.6 миң сом) бөлүнгөн. Бул тууралуу КР каржы министрлиги маалымдайт.
Белгилей кетсек, каражаттын 68% же 642 миң 547 $ (44 млн 875.5 миң сом) — ЖК кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалат.
Взнос, социалдык керектөөлөргө 7 млн 741 миң сом, товар жана кызматтарга — 11 млн 534.4 миң сом, керектөөлөрдү сатып алууга жана кызматтарга — 553.8 миң сом, коммуналдык кызматтарга — 466.9 миң сом, жөлөк пулга — 16.9 миң сом, башкы фонддорго — 2 млн 189.1 миң сом бөлүнгөн.