Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган алгачкы медаль Сооронбай Жээнбековко тапшырылат

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 16:06
0 ой-пикир

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында коомдук сыйлык – Турдакун Усубалиев атындагы диплом жана медаль түзүлдү. Бул тууралуу Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коомдук комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, алар кийинки жылы аяктайт.

«Сыйлык жылына бир ирет Усубалиевдин туулган күнүндө – 6-ноябрда ыйгарылып турмакчы. Биринчи медаль жана диплом менен президент Сооронбай Жээнбеков сыйланат», — дейт Медетбеков.

«Биз бирге» (Россия) эл аралык кызматташуу ассоциациясынын президенти Жыргалбек Белеков белгилегендей, медалды даярдатууну уюм өз моюнуна алган.

Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча коомдук комитеттин мүчөсү Таалайбек Жумадыловдун билдиргени боюнча, медаль сапаттуу материалдан жасалып, ал алтынга буулатылган.

«Комитеттин чечими менен сыйлык Усубалиев эмгектенген үч кесип боюнча үч наам боюнча ыйгарылат. Биринчиси мугалимдерге, экинчиси массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө, ошондой эле мамлекеттик ишмерлерге берилет. Кийинки жылдан тарта медаль, диплом менен бирге акчалай сыйлык бериле баштайт. Бул жылы медалды 9 киши алат», — деди Жумадылов .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.