Чүй облусунун Маевка айылынан жашыруун түрдө күйүүчү май саткан жайлар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финпол) билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда электр насос, контейнер, күйүүчү май жабдыктары жана 1 тонна күйүүчү май толтурулган атайын жабдыктар табылган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жооруктардын Бирдиктүү реестрине катталгандыгы айтылат.