Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жергиликтүү соттордун судьяларын дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Сот тандоо кеңеши президентке жергиликтүү кеңештин судьялыгына 14 адамдын талапкерлигин көрсөткөн. Президент талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешкен.
Анын жыйынтыгында президент Нарын облустук сотунун судьясы кылып Гүлсүн Арзыкулованы, Талас облустук сотунун судьялыгына Бакыт Ибраимовду, Марсел Кенжеевди, Кемин райондук сотунун судьялыгына Сатарбек уулу Мирбекти, Алай райондук сотунун судьялыгына Алайбек Кожомкуловду, Араван райондук сотунун судьялыгына Тилек Бакалбаевди, Кара-Кулжа райондук сотунун судьялыгына Канатбек Базарбаевди, Ноокат райондук сотунун судьясы кылып Азамат Абдираевди жана Чоң-Алай райондук сотунун судьялыгына Эрмек Раимкуловду дайындады.
Кыргызстанда сот системасына нааразы болуп даттангандар көп. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков сот реформасын жүргүзүүгө эрки бар экенин билдирип, бул багытта бир катар убадаларды берген.