«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы Жалал-Абад облусунун аймагында ишке ашыруу башталды. Бул маалыматты облустук Жол коопсуздук кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда камера орнотулуучу жерлер текшерилип жатат.
”Snenzhen Sunwin” компаниясынын өкүлдөрү, Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек – Ош, Жалал-Абад – Балыкчы автожолдорунда жана ошондой эле Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө жол эрежелеринин бузууларын аныктаган көзөмөл камера-комплекстери орнотулуучу участкаларды алдын ала текшерүүдөн өткөрүшүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган көзөмөл камера-комплекстери:
— Бишкек – Ош автожолунда — 32 жайга;
— Жалал-Абад – Балыкчы автожолунда – 4 жайга;
— Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө -12 жайга орнотуу пландаштырууда.