Жаан карга айланабы? Бир жумага карата аба-ырайы

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 19:59
0 ой-пикир

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, эртең, 11-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

11-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

12-13-ноябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.