Сооронбай Жээнбеков дем алыш күндөрүн кандай өткөрүүдө. ВИДЕО

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 09:39
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө  Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине  арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү.

Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана анын кино искусстводо,  живопистеги чыгармачылык жолу тууралуу сүрөттөр, үй-бүлөлүк музей архивинен  фотоматериалдар коюлду.  

 Президент ошондой эле имараттын абалы жана музейдин залдары анын борбордук сактоочу жайы менен таанышты.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына барды.

Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 77-театралдык сезонунун ачылышына карата искусство чеберлеринин концерттик программасын көрдү.

2019-жылдын 15-июлунда башталган Опера жана балет театрынын имаратын ремонттоонун жыйынтыгында Малахит залы,  эки балет залы, артисттердин гримденүүчү имараты реконструкцияланды, механикалык жабдуулар, театралдык сахнаны жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылган. 

Аталган театрдын жетекчиси Керим Турапов маданият үйүн оңдоого 47 миллион сом жумшалганын айтты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.