Салиев УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 10:03
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Салиев Талантбек Тагаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында түрдүү кызмат орундарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.