Президент окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 11:50
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-ноябрда, окумуштууларды жана илимий ишмерлерди кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу окумуштуулар жана илимий кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Илим күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн илимдин, билимдин, интеллектуалдык ресурстун мааниси өзгөчө.

Мамлекетибиздин туруктуу, коопсуз өнүгүүсү жана глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу үчүн илимдин ролу бийик.

Илимди жаңы деңгээлге көтөрүү менен экономикабызды жана социалдык чөйрөбүздү технологиялык жактан жаңылоону максат кылып, санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну көздөйбүз.

Андыктан, илим адамынын коомдогу баркын көтөрүп, ага ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө умтулабыз.

Сиздерге бекем ден-соолук, жаңы илимий ачылыштарды каалайм!»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.