Нур-Султанда 15 сааттан бери жарык жок

Окуялар тизмеги 10 Ноя 2019 18:03
0 ой-пикир

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында 15 сааттан бери жарык жок (түнкү саат 2.00дөн бери). Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, авариядан улам президенттин резиденциясы, Nur Otan партиясынын имараты, «Байтерек» монументи жана жети көп кабаттуу үй жарыксыз калды. Жалпысынан шаар боюнча 25 объектиде электр энергиясы жок.

Анын кесепетинен Нур-Султандагы соода жайлары, бизнес борборлор жана супермаркеттер жабылган. Социалдык тармактын колдонуучулары бир катар тойлор үзгүлтүккө учурап, ишкерлер зыян тартып жатканын жазышууда.

Андан сырткары, шаардыктардын үйүндө суу менен жылуулук да токтогон. Авариянын кесепетин жоюуга беш бригада иштеп жатат. Учурда Нур-Султанда -10 градус суук.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.