Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган айылдык кеңештин чечими жокко чыгарырарын билдирди.
Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, бул тууралуу облустук бийликке кабар беришпегенин «Азаттык» радиосуна айтты.
— Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу тууралуу маалымат, райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды, — деди Сатыбалдиев.
9-ноябрда социалдык тармактарга Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы тууралуу маалымат тараган.