Футбол: Кыргызстан Өзбекстанга 1:3 эсебинде утулду

Окуялар тизмеги 10 Ноя 2019 10:59
0 ой-пикир

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы жолдоштук мелдеште Өзбекстандын командасына 1:3 эсебинде утулуп калды.

Оюн Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында болуп, 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында өттү.

Эске салсак, бул оюнда кыргызстандык командадан жарым коргоочу Алимардон Шукуров, коргоочу Виктор Майер жана капитан Валерий Кичин футбол ойногон жок.

Кыргыз футболчулары 14-ноябрь күнү япониялык, 19-ноябрда тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.