Чүйдө офицер асынып алды

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 16:33
0 ой-пикир

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алды. Бул маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон.

 Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн денеси табылган. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин эки аскердин каза болгондугу айтылган. 4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер мерт кеткен. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.