«Антошка» тез татым жайында өрттөн каза болгон кыздын ким экени айтылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 10 Ноя 2019 18:30
0 ой-пикир

Ордо калаанын чок ортосунда жайгашкан “Антошка” тез татым ашканасындагы жарылууда каза болгон кыздын ким экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

«Өрт болгон жерде тез татымдын бир кызматкери каза болгон. Ал 1998-жылы туулган С.А. аттуу жаран экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон кыз ал жерде пол жуугуч болуп иштеген. Өрт чыккан маалда муздаткыч тарапка кирип чыгууга жетишпей калган.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик  бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 13 киши жабыркаган, бир кызматкер каза болгон. Алдын-ала маалымаат боюнча, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Шаардык милициянын тергөө кызматы «Антошка» тез татым борборунун ижарачысы А.К. камакка алды. Ал Жазык кодексинин «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.