Мэриянын эксперименти автотыгынды күчөттү

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Ноя 2019 07:43
0 ой-пикир

Ордо калаадагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон автотыгынды чечүү максатында 8-ноябрда мэрия эксперимент жүргүзгөн. Эспериментке ылайык Бишкектин Шабдан баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол системасын киргизүү максатталган.

Бул үчүн кесилиштеги жол чырактар толугу менен өчүрүлөрү алдын ала кабарланган.

Бирок, 8-ноябрь күнү кечке жуук социалдык тармактарга коюлган тасмалардан аталган кесилиште автоунаалар топтолуп, бири-бирине жол бербей турганын көрүүгө болот.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаевдин «Азаттыкка» түшүндүргөнүнө караганда, эки сааттык эксперименттен соң, жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган.

— Эксперимент тууралуу алдын ала маалыматтар берилген. Бирок биздин айдоочулардын көпчүлүгү жол эрежелерин жакшы билбегени байкалды. Айлампанын ичиндеги автоунаага жол берүү зарыл экенин билбегендер көп экен. Мындан тышкары кесилиштеги аймак айланма жол үчүн бир аз тардык кыларына көзүбүз жетти, — деди Уезбаев

Анын айтымында, кийинки жылы кесилиштин аймагын кеңейтип, оң жакка дагы бир автоунаа жүрүүчү тилке кошуп, андан кийин гана айланма жол системасын киргизүү каралды.

Буга чейин Бишкекте жол кыймылын «Коопсуз шаар» системасы боюнча уюштурууда айрым көйгөйлөр чыгып жатканы мэрияда өткөн жыйында айтылган. Айрым көчөлөргө кошумча белгилерди жана жолчырактардын кошумча секцияларын орнотуу зарылчылыгы белгиленген. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.