Кыргызстандын Кытайга болгон карызы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 30% түздү. Бул тууралуу Eurasianet Улуттук экономикалык изилдөө бюросуна (NBER) чыккан «Кытай мамлекетенин чет өлкөгө берген насыясы» аттуу макалага таянып жазды.
Изилдөөдө Кытай астында карызы бар мамлекеттердин тизмеги жарыяланган. Тизмеде Кыргызстан Кытайга болгон карызы боюнча 5-орунду ээлеген.
Тажикстан — 20, Түркменстан — 23, Өзбекстан — 40 орунда турат.
Эске сала кетсек, акыркы маалыматтарга караганда (ушул жылдын июль айындагы) өлкөнүн жалпы карызы 4,5 миллиард доллар. Анын ичинен 1,7 миллиарды Кытайдын «Эксимбанкына» таандык.