«Даңазалуу доордун» Хюррем султаны кыргыз делегациясынын урматына сый-тамак берди

Окуялар тизмеги 09 Ноя 2019 08:24
0 ой-пикир

Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) өз ишин ийгиликтүү улантууда. Фестивалга 50 өлкөдөн: Түркиядан Японияга чейин, Россия, Индия жана Жакынкы Чыгышта тартылган тасмалар катышып жатат.

Ал эми Кыргызстандын атынан режиссер Бекзат Пирматовдун «Аврора» жана Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы көрсөтүлөт. Ошондой эле Садык Шер-Ниязовдун «Курманжан датка» тарыхый тасмасы дагы тартууланмакчы.

Фестивалды уюштурууда «Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган белгилүү түркиялык актриса Мерьем Узерли жардам берип, кыргыз делегациясын урматтап, сый-тамакка чакырганын парламенттин депутаты Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Бүгүн Мерьем Узерли фестивалга жардам берип, атайын кечесине чакырып, аябай төгүлүп-чачылды. Биз деле кем калышкан жок окшойбуз. Мерьем сулууга ыраазычылыгыбызды айттык. Кыргызстандан келген коллегаларыма (кесиптештериме), досторума, бул жерде жардам берип жаткан элчибизге ыраазычылык айтам», — деп жазды Садык Шер-Нияз.

Буга чейин аталган фестивалда Мерьем Узерли калыс болоору белгилүү болгон. Ошондой эле калыстардын курамына Гука Омарова (Казакстан), Киу Чинь, Сара Финн, Жереми Каган, Тин Тин Сюй, Ирис Ямашита кирген. Ал эми жеңүүчүлөр 5 категорияда: «Мыкты тасма», «Мыкты актер», «Мыкты актриса» деп тандалып, ошондой эле калыстар тарабынан атайын белектер берилет.

Быйыл бешинчи ирет өтө турган фестиваль режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.