«Антошкадагы» жарылуудан жараат алгандардын учурда абалы кандай?

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Ноя 2019 13:45
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги «Антошка» тез татым жайындагы жарылуудан жараат алгандардын абалы тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, саат 10:00гө карата Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жабыркагандардын жетөө дарыланып жатат, алардын экөө жаш балдар. Жабыркагандардын үчөө амбулатордук дарыланууга коё берилген.

Министрликтен кабарлашкандай, 18 жаштагы бир адамдын денесинин 3 үч пайызы күйгөн, 12 жана 15 жаштагы эки баланын денесинин 5 пайызы күйгөн, 17 жаштагы жарандын денесинин 12 пайызы күйгөн. Төртөөнүн тең абалы туруктуу.

Андан тышкары, 26 жаштагы адамдын денесинин 30 пайызы, 30 жаштагы адамдын денесинин 25 пайызы күйгөн. Абалдары туруктуу-оор. 29 жаштагы дагы бир адам токсикология бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу.

Эске салсак, кечээ, 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым жайында жарылуу болгон. Окуядан жеринде бир адам каза болгондугу, 13 адамдын жаракат алгындыгы айтылгын.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.