«Антошка» тамак жайын ижарага алган киши кармалды

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Ноя 2019 13:52
0 ой-пикир

Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы бир адамдын өмүрүн алган жарылууга байланыштуу ашкананын ижарачысы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милициясынын маалыматына караганда, кырсык Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтенип жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө «Антошка» ашканасынын 56 жаштагы арендатору Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш чегинде иликтөө иштери улантылып жатат.

Бардык зарыл болгон соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.