Бишкектин чок ортосунда курулушу жүрүп жаткан үйдүн 11-кабатынан боюн таштаган кыз каза болду. Бул маалыматты reporter.kg сайты Бишкек милициясына шилтеме кылып жазып чыкты.
6-ноябрда шаардын Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 11-кабатынан бир кыз боюн таштап, пенопласт курулуш каражатынын үстүнө түшүп, эсен калган болчу. Бул турак үйду “Бай-Таш групп” курулуш компаниясы куруп жатат. Ал фирма Юстиция министрлигинде Ван Джонма аттуу жаранга катталган. Ван Минжин жана Чжу Чуньбинь фирманын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.
Айрым маалыматтарда ал кыз курулуш компанияда кытай тилине котормочу болгону айтылат. Өз кезегинде фирма алардын кызматкери эместигин, курулуш жайына мыйзамсыз киргенин билдиришкен.
Милиция айтылган бардык маалыматтарды териштирип жатат.