ВИДЕО:Тез тамактануу жайында жарылуу болду

Окуялар тизмеги 08 Ноя 2019 14:51
0 ой-пикир

«Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгону тууралуу маалыматты ага күбө болгондор социалдык тармактарга жарыялашты. ӨКМдин 112 кызматы жарылуу болгонун ырастады. Баштапкы маалыматтар боюнча Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги тез тамактануучу жайдагы жарылуудан жабыркагандар бар, жаш балдар да болушу мүмкүн экени айтылууда.

Кырсык болгон жерге ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлери келип, күйүп жаткан имараттан элди чыгарып кетишкен.

Күбөлөрдүн айтуусунда, тез тамактануучу жайда үч жолу жарылуу болгон. Жактоочу Замир Жоошев да ошол жерде болгонун Фейсбук баракчасында билдирип, Тез жардам унаасы кечигип келгенин ал эми милиция кызматкерлери унаалары менен жабыркагандарды алып кетип жатканын билдирди. «Антошка» кафесинин ичинде аял киши калгандыгын кабарлады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.