Рамзан Кадыров 8 кишини өлтүргөн аскерди коргоо үчүн өзүнүн адвокатын жиберди

Окуялар тизмеги 08 Ноя 2019 19:17
0 ой-пикир

25-октябрда Россиянын Забайкальедеги Чита районунда үрөй учурган окуя болгон. Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн алты кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн.

Бул окуя ошол аскер бөлүгүндөгү “дедовщинанын” кесепетинен улам жүз берген. Учурда жоокер — камакта. Россияда аскердин жоругу резонанс жаратып, коомчулуктун катуу талкуусүна түшкөн. Интернетте Шамсутдиновду колдогондордун саны көбөйүп, аны бошотуу петициясына 12 миңден ашык адам кол койгон.

Колдогондордун катарында Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров. Ал өзүнүн жеке адвокаты Саид-Магомед Чапановду жана анын кесиптеши Равиль Тугушевди Шамсутдиновду жактоо үчүн жибергени белгилүү болду.

Буга чейин жоокердин соттогу кызыкчылыгын Марат Ашимов жана Равиль Тугушевдер жактап келген. Эми сегиз адамды атып өлтүргон Рамиль Шамсутдиновдун кызыкчылыгын белгилүү төрт адвокат жактамакчы.

Айтмакчы аталган жактоочулар кылмыш ишти болушунча жумшартуу аракетин көрө башташканы айтылууда. Алар кырдаалдан чыгуу үчүн жоокер ошол учурда аргасыз мындай кадамга барганын эске алуу менен ага козголгон кылмыш беренесин башка жеңил беренеге алмаштырууну көздөшөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.