Футбол: Кыргызстан-Япония оюну күйөрмандардын катышуусу менен өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 08 Ноя 2019 08:38
0 ой-пикир

Кыргызстандын футбол федерациясы 14-ноябрга белгиленген Кыргызстан-Жапония таймашына билет сата баштады. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.

4-ноябрда Эл аралык футбол федерациясы Кыргызстан-Мьянма беттешинде күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыккандыгына байланыштуу байланыштуу маселени карамак. Футбол федерациясы күйөрмандын бул кылыгы үчүн акчалай айып салынып же алдыдагы беттештер күйөрмансыз өтүшү мүмкүн экенин билдирген. Бирок, ФИФАнын жыйыны белгисиз мөөнөткө жылып кеткен.

Мындан улам Кыргызстандын футбол федерациясы 7-ноябрдан баштап алдыдагы оюнга билет сата баштоону чечти.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында кыргызстандык футболчулар 14-ноябрда Жапония, 19-ноябрда Тажикстан менен беттешет. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0-1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7- 0, Монголияны 2-1 эсебинде уткан. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.